Биз социалдык тармакта

Унаанын багажына адамды салып кетүү аракети... Милиция себебин айтты

Бишкекте жигитти топ балдар күч менен унаага салып, алып кеткен окуя боюнча милиция кошумча маалымат берди.

Буга чейин окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, бардык катышуучулар Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Текшерүү учурунда окуяга катышкан адамдардын өздүгү аныкталып, алардын баары бири-бирин тааныган адамдар экени белгилүү болду.

Милициянын маалыматына караганда, окуя боюнча катышуучулардын эч кимиси укук коргоо органдарына арыз жазган эмес. Ошондой эле алар бири-бирине карата дооматы жок экенин билдиришкен.

Ага карабастан 1991-жылы туулган С.С., 2001-жылы туулган Ш.Б. жана 2001-жылы туулган С.У. аттуу жарандарга "Майда бейбаштык" боюнча протокол түзүлүп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан