Биз социалдык тармакта

140 жылдан кийин кайрадан хит: Футболчу Толстойдун китебин Бразилияда сатуунун сап башына чыгарды

Густаво Скарпа аттуу “Атлетико Минейро” клубунун оюнчусу Лев Толстойдун “Иван Ильичтин өлүмү” чыгармасын Бразилияда эң көп сатылган китептердин сап башына чыгарды.

32 жаштагы Скарпа өзүнүн YouTube каналында китеп окууну активдүү жайылтат. Ал видеолорунун биринде Толстойдун “Иван Ильичтин өлүмү” чыгармасын сунуштап, китеп тууралуу өзүнүн пикирин бөлүшкөн.

Футболчунун рецензиясы 600 миңден ашуун көрүүчү топтогон. Ал эми чыгарма биринчи жолу жарык көргөнүнө 140 жылдай убакыт өткөндөн кийин Amazon Brazil платформасында сатуу боюнча биринчи орунга чыккан.

Социалдык тармактарда бул окуя тамашага алынып, Скарпа бразилиялыктардын билим алуусуна “20 билим берүү министри кошулгандан да көп салым кошту” деген пикирлер айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан