Украинанын мамлекеттик карызы тарыхый максимумга жетти. Анын көлөмү 215,55 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Каржы министрлигинин маалыматына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, карыздын көлөмү буга чейин катталбаган жогорку көрсөткүчкө жеткен.
Өлкөнүн мамлекеттик карызынын өсүшүнө бюджет тартыштыгын жабуу үчүн алынган ички жана тышкы насыялар себеп болгон.