Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Бурул Аманова чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып, өз каражатына бизнес ачкан мигранттарга салыктык каникул берүүнү сунуштады.
Депутаттын айтымында, чет өлкөдө каражат топтогон жарандар Кыргызстанга кайтып келгенде бизнес ачууда текшерүүлөргө, тоскоолдуктарга жана банкрот болуу коркунучуна кабатыр болушат.
Аманова инвестициянын көлөмүнө жараша белгилүү бир мөөнөткө салыктык жеңилдик берүү жана мындай ишкерлерге насаатчылык жардам көрсөтүү сунушун айтты.
Аманова сунуш насыяга муктаж болбогон, өзүнүн топтогон каражаты менен Кыргызстанга кайтып келген жарандарга тиешелүү экенин тактады.
Депутаттар мигранттарды колдоо боюнча мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатышканын, сунушталган долбоор министрликке жөнөтүлөрүн билдирди.