АКШнын президенти Дональд Трамп мамлекеттик кызматтарды бир жерден алууга мүмкүндүк берген бирдиктүү онлайн-портал түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жарлыкка ылайык, America.gov АКШнын федералдык өкмөтүнүн бардык мамлекеттик маалыматтары жана кызматтары үчүн бирдиктүү санариптик портал болот.
Жаңы платформа аркылуу колдонуучулар бир нече мамлекеттик мекеменин сайтына кирбей эле авторизациядан өтүп, суроолоруна жооп алып, керектүү кызматтарга арыз бере алышат.
Порталда салык декларациясын тапшыруу кызматтары, ошондой эле аскердик жана чалгындоо мекемелеринин кызматтары камтылбайт.
АКШ бийлиги жакынкы 90 күндүн ичинде America.gov порталынын ишке киргизүү тартибин иштеп чыгышы керек. Андан кийин федералдык мекемелер өздөрүнүн онлайн кызматтарын порталдын системасына кошуп, колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылат.