Биз социалдык тармакта

Министр депутатка сыйлык берди

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Карабековага "Өзгөчө кырдаалды жоюуга катышкандыгы үчүн" төш белгиси менен сыйлады.
Министрликтин кечээ, 29-сентябрда тараткан маалыматына ылайык, эл өкүлү мекеме менен тыгыз кызматташып, аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдоого, табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга өз салымын кошкон.
Карабекова Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаары, Ноокендин Момбеков айыл аймагында катталган ири сел кырсыгын жоюуга өз каражатынан 150 ыктыярчы, инженердик техникаларды тартып, селден жабыркаган турак үйлөрдү тазалоого зор көмөк көрсөтүп, сел кырсыгын жоюуга тартылган жарандарга ысык тамак уюштурган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан