Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиев Беларуска жумуш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-октябрда Беларустун Минск шаары жумуш сапары менен барат.

Ал жакта Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат.

Ошондой эле “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө бир катар мамлекеттердин делегация башчылары менен биргеликте катышып, көргөзмөнүн “Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири бирин толуктоочу өнөктөштүк” аталышындагы пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан