Нарын облусунун Ат- Башы районунда Таш-Рабат кербен сарайына бара турган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрилиги билдирди.
Маалым болгондой, жалпы узундугу 15 чакырым болгон жолдун 10 чакырымына асфальт төшөө иштери 2027-жылга пландаштырылууда.
"Жолду оңдоо айдоочулар менен жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо жана алар үчүн ыңгайлуулук жаратуу максатын көздөйт", - деп белгиленди маалыматта.