
Нарын облусунда тоо текелердин үйүрү жана ак илбирс видеотасмага түшүрүлдү. Бул тууралуу 30-сентябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, видеотасма рейдде тартылган. Анда кар баскан тоолордун арасында тоо текелер үйүрү менен жүргөнү жана ак илбирстин отурганы көрсөтүлөт.