Бүгүн, 30-сентябрда Японияда өтүп жаткан Азия ондарында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова жарым финалда жеңилүү ызасын тартып калды.
Ал 68 килограмм салмакта финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Түндүк Кореянын өкүлү Пак Сол Гумга 1:1 эсебинде жеңилип калды.
Эми Жуманазарова коло медаль үчүн беттешет. Анын атаандашы кийинчерээк аныкталат.