Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков жол салууда подрядчы компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады.
Эл өкүлү бүгүн, 30-сентябрдагы парламенттин жыйынында жолдор сапатсыз салынып жатканын айтты.
"Жаңы салынган жолдордун бир жылга жетпей жараксыз абалга келип калганын көрүүдөбүз. Бул деген мамлекеттин бюджетине чыгым алып келүүдө жана элдин нааразычылыгын жаратууда. Бүгүн жолду билгени деле, билбегени деле салып жатат. Кепилдик мөөнөтүн бир жылдан беш жылга чейин узартуу керек",- деди депутат.