Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Панфилов жана Чуйков көчөлөрүнүн кесилишинде бак-дарактар кыйылып жатканына шаар тургундары нааразы болушууда. Бул тууралуу социалдык тармактарга видео тарады.
"Каалаган учурда бир жакшына дарактарды кыйып салышат. Бул качанкыга чейин уланат?",- деп жазды видеонун автору.
Тургундардын айтымында, бактарды кыюу шаардын жашыл аймактарына терс таасирин тийгизет.