Биз социалдык тармакта

Футбол биримдиги Жоэл Кожо катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат таратты

Кыргыз футбол бримдиги улуттук курама команданын оюнчусу Жоэл Кожонун катышуусунда болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат таратты.

Маалымдалгандай, ал унаасы менен кечээ, 29-сентябрда улуттук курама команданын "Мурас Юнайтед" базасынан жеке иштери менен шаарга чыгып, Жибек Жолу жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде скутер айдап бара жаткан жаран менен сүзүшкөн. Жаран медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага жеткирилген. Жүргүзүлгөн компьютердик томографиянын жыйынтыгында олуттуу жаракаттардын белгилери аныкталган эмес.

"Скутер айдап бара жаткан жаран жолду жөө адамдар өтүүчү өтмөк аркылуу жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен кесип өткөн. Ошол эле учурда жол-транспорт кырсыгынын так жагдайлары жана себептери тиешелүү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат",- деп айтылат билдирүүдө.

Биримдик учурда Жоэл Кожо улуттук курама команданын карамагында экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан