Бүгүн, 30-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мавлюда Калбердиева саламга сунулган колду ыңгайсыздыкка карабастан жоопсуз калтырган жок.
Ал отурумда мугалимдер тууралуу маселе көтөрүп жатканда, анын орундугунун артынан кол сунулду. Эл өкүлү кебин токтотпостон, артка кайрылып саламды алик алды. Калбердиевага салам берген так ким экени белгисиз, экрандан көрүнгөн жок. Кесиптештеринин бири болушу мүмкүн.