Чүй облусунун Жайыл районундагы Степное айылында айрым этникалык кыргыздар паспортторун ала албай жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков парламенттин 30-сентябрдагы жыйынында билдирди.
"Убагында көп сандаган этникалык кыргыздар көчүп келип, толугу менен Кыргыз жарандыгын алышкан. Бирок жарандык алганга чейин төрөлгөн балдар бүгүнкү күнгө чейин паспортторун ала албай келишет. Мага жарандардан 17 арыз түштү. Бирок мындай жүздөгөн маселелер бар экен",- деди депутат.
Эл өкүлү президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып, бул маселеге тез арада көңул буруп чечип берүүнү суранды.