Кыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо үчүн Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg электрондук порталдары ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, платформалар 22-июлдан тарта пилоттук режимде иштеп жатат. Жарандар портал аркылуу бош жумуш орундарын көрүп, жумуш издөөчү катары катталып, резюме жайгаштыра алышат.
Иш берүүчүлөр бош орундарын акысыз жарыялап, керектүү адистерди издей алышат. Порталдардагы кызматтар жарандар жана иш берүүчүлөр үчүн акысыз көрсөтүлөт.
Кийинки этапта "Электрондук эмгек келишими" жана "Электрондук эмгек китепчеси" модулдарын киргизүү пландалууда.