Биз социалдык тармакта

Израилге бараткан учак туткундалганы айтылууда (видео)

Бүгүн, 30-сентябрда Flydubai авиакомпаниясынын Дубайдан Тель-Авивге учуп бара жаткан учагы "басып алуу" белгисин берип, артка кайтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, учакта алгач өзгөчө кырдаал сигналы берилген. Андан кийин басып алуу коркунучун билдирген белги жиберилген.

Көп өтпөй учак артка бурулуп, Сауд Арабиясына багыт алган. Бул учурда учак менен байланыш үзүлгөн. Учкучтар бир топ убакытка чейин Израилдеги жана Иорданиядагы аба кыймылын көзөмөлдөөчүлөр менен байланышын жоготушкан. Израилдин аба күчтөрүнүн согуштук учактары учакты кармоо үчүн абага көтөрүлгөн.

Учакта 180 жүргүнчү болгон, алардын 100гө жакыны Израилдин жарандары экени айтылууда.

Израилге бараткан учак басып алынганы айтылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан