Израилдин 12-каналынын маалыматы боюнча, Fly Dubai экипажынын курамындагы эки учкучтун бири орусиялык, бири украиналык болгон.
Айта кетсек, бүгүн, 30-сентябрда Дубайдан Тель-Авивге учуп бара жаткан учак "басып алуу" белгисин берип, артка кайткан. Көп өтпөй учак Сауд Арабиясына аман-эсен конгону, мындай жагдайга учкучтар ортосундагы муштап себеп болгону айтылган. Азырынча расмий маалыматтар бериле элек.