Тоңдо 49,2 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көлдүн Тоң районунда 49 миллион 200 миң сомго бааланган 29,9 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жер 2007-жылы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.