Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу 30-сентябрдагы парламент жыйынында автоунаалардын терезелерин караңгылатуунун баасы боюнча маселе көтөрдү.
Ал билдиргендей, учурда анын баасы 50 миң сомду түзөт. Буга удаа бир жыл ичинде үч жолу арзандатуу жүргүзүлөт.
"Азыр анын баасы 50 миң сом экен. Аны такай эле 25 миң сом кылып койсо кандай болот? Бир жылда үч жолу арзандатуу жүргүзүлүп турат экен",- деген сунуш айтты депутат.