Раззак Бейшекеев Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль тагынды.
Бүгүн, 30-сентябрда өткөн беттеште ал кытайлык балбан менен кез келип, 5:1 эсебинде утту.
Бейшекеев буга чейин чейрек финалда катарлык балбанды уткан. Бирок жарым финалда жеңишти алдырып жиберген. Ал турнирге 67 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.