Бишкекте Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жолугушуусу өттү.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди, көп жылдык кызматташтыкты жана Орусия менен Кыргызстандын акыйкатчыларынын ортосундагы конструктивдүү байланыштарды белгилешти.
Жолугушууда эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде Кыргызстанда жүргөн Орусиянын жарандарынын, ошондой эле Орусияда жашап, иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Яна Лантратова Орусия жана Кыргызстан жарандарынын укуктарын коргоо жана мекендештерге укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбор түзүүнү сунуштады. Аны эки өлкөнүн адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институттары биргелешип ишке ашыра алат.
Борбордун адистери укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүп, документтерди даярдоого көмөктөшүп, мамлекеттик органдарга жана сотторго кайрылууда мекендештердин укуктарын коргоого жардам бериши мүмкүн.
Борбордун негизги багыттары мекендештерге укуктук жардам көрсөтүү жана укуктук сабаттуулукту жогорулатуу болот. Ошондой эле оор турмуштук кырдаалга туш болгон мекендештерге гуманитардык жана кайрымдуулук жардамдарын алууга көмөктөшүү да каралууда. Бул багытта тиешелүү стратегиялык кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө келишим 17-сентябрда "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму менен түзүлгөн.
Адылбек Касымалиев Кыргыз тарап Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң маани берерин белгиледи.
Ал Орусияда Кыргызстандын көптөгөн жарандары жашап, эмгектенип жатканын айтып, алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле миграциялык жана социалдык маселелерди ырааттуу чечүү маанилүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда Орусия менен Кыргызстандын жаштарын бириктире турган жаштар аралык мамлекеттик кеңеш түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Алардын ичинде жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, тарыхый эстутумду сактоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу жана жарандарды биргелешип кабыл алуу иш-чалары бар.