"Атасынын кыздары. Жаңы" (Папины дочки. Новые) сериалы менен таанылган 22 жаштагы актриса Полина Денисова кесиптеши, актёр Антон Рогачевге турмушка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Актриса үйлөнүү үлпөтүнөн тартылган сүрөттөрүн Telegram каналына жарыялады. Денисова тойго бара жатып гүлдестесин үйдө унутуп калганын, ал эми Рогачев таксиде галстук байлаганды үйрөнгөнүн айтып, күлкүлүү учурлары менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, жубайлардын мамилеси тууралуу 2026-жылдын февралында белгилүү болгон.