Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп Арлен Алиясов дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн, 30-сентябрда президенттин администрациясынын тармактык саясат секторунун башчысы Жыпариса Рыспекова министрликтин жамаатына жаңы биринчи орун басарды тааныштырды.
Алиясов 2021–2026-жылдар аралыгында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эмгектенген. Буга чейин министрликтин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүн жетектеп келген.