Футбол боюнча Кыргызстандын кышкы биринчилигинин финалчылары аныкталды

Кант шаарында өтүп жаткан футбол боюнча Кыргызстандын кышкы биринчилигинде финалчылар аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 3-февралда КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2 тайпада 5 турдан кийин өз тайпаларында 1-орунду ээлеген 2 команда финалга чыкты. Ал эми тайпада 2-орунду ээлеген командалар 3-орун үчүн беттеш өткөрүшөт.

8-февралда өтө турган чечүүчү оюндарда чемпиондукту канттык клубдар “Абдыш-Ата” менен “Наше пиво” талашса, 3-орун үчүн тиреш бишкектик клубдар “Алга” менен “Алга-2” командаларынын ортосунда болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан