Биз социалдык тармакта

Кыргызстан 29-сапта... Азия оюндарында кайсы өлкө алдыда?

Учурда Японияда XX Азия оюндары өтүп жаткан чагы. Медалдык жадыбалда болсо Кытай 149 алтын, 66 күмүш, 55 коло медаль менен лидер болууда. Экинчи орунду 47 алтын, 74 күмүш, 72 коло байге менен Япония ээлеп турса, Түштүк Корея 24 алтын, 28 күмүш, 47 коло медаль менен үчтүктү толуктап турат.

Өзбекстан 14 алтын, 17 күмүш, 18 коло медаль менен төртүнчү орунда келе жатат. Бештикти 12 алтын, 10 күмүш, 12 коло байге менен Таиланд толуктайт.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 9 алтын, 16 күмүш, 31 коло медаль менен тогузунчу орунда турса, 2 алтын, 3 күмүш, 5 коло байге менен Тажикстан 19-орунда келе жатат. Түркмөнстан болсо, 2 күмүш медаль менен 28-орунду кармоодо. Ал эми Кыргызстан 1 күмүш, 5 коло байге менен 29-орунду ээлеп турган чагы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан