Асан Жанышов Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль тагынды.
Бүгүн, 30-сентябрда ал финалдык беттеште япониялык атаандашына 1:11 эсебинде утулуп калды. Жанышов жарым финалда казакстандык, чейрек финалда өзбекстандык балбанды уткан. Биздин балбан 87 килограммга чейинки салмакта күрөштү.