Биз социалдык тармакта

Агартуу министрлиги кенже кызматкерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө берди

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-апрелинен тарта билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылган.
Мындан тышкары, билим берүү системасынын кызматкерлерине 15 000 сом, ал эми техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.
"Бир ставкага иштеген короо шыпыргычтын, ашкана кызматкеринин жана техникалык тейлөөчү кызматкеринин орточо эсептелген эмгек акысы мурда 8 448 сомду, ал эми тиешелүү кармоолордон кийин колуна тийген суммасы 6 843 сомду түзгөн.
Жогорулатуудан кийин эсептелген эмгек акы 12 672 сомго жетип, президенттик компенсацияны кошкондо 17 672 сомду түздү. Тиешелүү кармоолордон кийин колуна тийген орточо эмгек акы 13 960,8 сомду түзүп, мурдагыга салыштырмалуу эки эседен ашык көбөйдү", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан