“АФКнын кубогу-2014” мелдешине катыша турган Ош шаарынын “Алай” футболдук клубунун тайпалык баскычтагы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 2013-жылдагы чемпиону аталган мелдеште “D” тайпасында оюн көрсөтөт. Тайпалык баскычтын оюндары 26-февралда старт алат. “Алай” мелдешти өз үйүндө бахрейндик “Риффа” клубу менен ойноп баштайт. Тайпалык баскыч “үйдө-конокто” системи боюнча орун алып, жалпысынан 6 тур оюндар өткөрүлөт.
“D” тайпасындагы командалар жана оюндар:
“Алай” (Кыргызстан)
“Арбил” (Ирак)
“Риффа” (Бахрейн)
“Шабаб Аль-Ордон” (Иордания)
Оюндар:
1-тур оюндары. 26-февраль.
“Алай” – “Риффа”
“Шабаб Аль-Ордон” – “Арбил”
2-тур. 2-март.
“Арбил” – “Алай”
“Риффа” – “Шабаб Аль-Ордон”
3-тур. 19-март.
“Арбил” – “Риффа”
“Шабаб Аль-Ордон” – “Алай”
4-тур. 1-апрель.
“Риффа” – “Арбил”
“Алай” – “Шабаб Аль-Ордон”
5-тур. 8-апрель.
“Арбил” – “Шабаб Аль-Ордон”
“Риффа” – “Алай”
6-тур. 22-апрель.
“Шабаб Аль-Ордон” – “Риффа”
“Алай” – “Арбил”