1-октябрда белгиленүүчү Эл аралык карылар күнүнүн алдында Бишкек шаарында 100 жаштан ашкан узак жашоочуларга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан алардан кабар алынып, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалоолору айтылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бурул Дүйшалиевага, Кичикан Чолуевага жана Ефросинья Соколовага эстелик белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.
Иш-чаранын соңунда узак жашоочулар уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, баталарын беришти.