Акыркы сутка ичинде республика аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгы себеп болууда.