Бүгүн, 30-сентябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы менен байге ээлерине медалдары тапшырылды.
Сыйлоо аземине Кыргызстандын курама командасынын үч балбаны катышты.
Грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмак ченинде Асан Жанышов күмүш медаль тагынды.
67 килограммга чейинки салмакта Раззак Бейшекеев коло медалга ээ болду.
Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограммга чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова коло медаль жеңди.