XX Азия оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова мелдешке катышып жаткан кыргызстандык спортчуларга ийгилик каалады.
Ал Айти-Нагойяда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештин биринчи күнүндө 68 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль жеңген.
Жуманазарова Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрүн алдыдагы беттештерде ийгилик жаратып, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.