БУУ Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу же эки тарапты байланыштыруучу тарап катары катышууга даяр. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин расмий өкүлү Стефан Дюжаррик журналисттерге билдирген.
Анын айтымында, уюм мындай ролду эки тарап тең сураган учурда аткара алат.
“Эки тарап тең кааласа, БУУ ар дайым ортомчу болууга же тараптардын ортосунда көпүрө болууга даяр”, - деди Дюжаррик РИА Новости агенттигинин суроосуна жооп берип жатып.
Ал бул позиция БУУнун жаңжалдарды жөнгө салууга байланыштуу стандарттык мамилеси экенин белгиледи.