Акжол Махмудов Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн алгачкы атаандашына утулуп калды.
Балбан бүгүн, 1-октябрда күрөшүн 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда япониялык Ноа Кусака менен кез келди. Жыйынтыгында Махмудов каршылашына тушеге басылып калды.
Балбандар 77 килограмм салмакта күч сынашышты.