Бүгүн, 1-октябрда дүйнөлүк бокстун тарыхындагы мыкты мушкерлердин бири Рой Жонс Ош шаарына келди. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Маалымдалгандай, мушкерди “Ош” эл аралык аэропортунан шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов жана күйөрмандар тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Ош шаарында World Boxing Championship Amateur TURKSOY турнири өтүүдө. Мушкер дал ушул беттештерге ардактуу конок катары катышат.
Маалымат үчүн: Рой Жонс 1988-жылкы Олимпиадада күмүш медаль жеңип алган. 2003-жылы оор салмакта WBA версиясы боюнча чемпиондук курду жеңип, орто салмактан оор салмакка чейин Дүйнө чемпиондугун алган тарыхтагы алгачкы мушкерлердин бири.