29-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев шахмат жана парашахмат олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө берилүүчү сыйлыктарды жарыялады. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары билдирди.
Олимпиада чемпиондору Нодирбек Абдусатторов, Жавохир Синдоров, Нодирбек Якуббоев, Мухиддин Мадаминов жана Шамсиддин Вохидов үй жана унаа алышты. Ошондой эле ар бир шахматчыга 200 миң доллардан, ал эми алардын машыктыруучуларына 50 миң доллардан берилди.
Парашахматчылар да үй жана унаа менен сыйланды. Ал эми коло медаль алган парашахматчыларга 50 миң доллардан, машыктыруучуларына 12,5 миң доллардан берилди.
Эскерте кетсек, 2026-жылкы 46-Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү. Мелдеш 15–27-сентябрь күндөрү уюштурулуп, ага эркектер арасында 208, аялдар арасында 191 өлкө катышты. Эркектер арасында Өзбекстан алтын, Индия күмүш, Германия коло утса, аялдар арасында Кытай алтын, Казакстан күмүш, Индия коло медаль алышты.