Кочкор районунун Каракол жайлоосунда жапайы тоо эчкинин улагын мыйзамсыз аткан жаран аныкталды. Бул тууралуу 1-октябрда Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Окуя боюнча тиешелүү акт түзүлүп, мыйзамсыз атылган улак жана жаранга тиешелүү куралды тастыктаган документтер милицияга өткөрүлүп берилди. Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, тоо текенин эчкисине аңчылык кылган жарандарга 300 миң сомго чейин айып пул каралган.