Биз социалдык тармакта

Элвира Сурабалдиева аялдардын укугун коргоо боюнча маалымат талап кылды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева аялдарга карата зомбулуктарды алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу тиешелүү министрликтерди, органдарды парламентте маалымат берүүсүн талап кылды.

Эл өкүлү бүгүн, 1-окятбрдагы парламент жыйынында акыркы учурда зомбулукка кабылган кыз-келиндер тууралуу жаңылыктар көп чыгып жатканын белгилеп, бул маселени көтөргөндөр коомчулуктун тепкисинде калып жатышканын айтты.

"Зомбулуктан каза тапкен келиндерди жакындары арызданып жатышат. Алар боюнча иштер кандай каралып жатканы тууралуу маалымат угалы. Зомбулукту алдын алуу боюнча иштер барбы же жокпу, маалымат алалы. Анан айымдардын укуктарын коргойбуз деген депутаттарды "улуттук баалуулуктарыбызга каршы чыгып жатасыңар" деп тепкилеп калышат. Кыргыздын баалуулугунда айымдарды өлтүрүү деген жок да", - деди Сурабалдиева.

Элвира Сурабалдиева аялдардын укугун коргоо боюнча маалымат талап кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан