Францияда мектеп окуучулары бир жумадан бери массалык нааразычылык акцияларына чыгып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, нааразычылык акциялары Париждин Иль-де-Франс аймагында башталып, көп өтпөй башка аймактарга да жайылган.
"Алар класстардагы окуучулардын санынын көптүгүнө, мугалимдердин жетишсиздигине, мектептердин шарттарынын начардыгына жана алардын пикиринде, сабактардын ыраттамасынын оордугуна нааразы болушууда",- деп белгиленген маалыматта.
Полициянын маалымты боюнча, 29-сентябрда бүткүл Франция боюнча нааразычылык акциясынын 400дөн ашык катышуучусу кармалган, алардын көбү жашы жете электер. Билим берүү министрлиги өлкөдө иштеп жаткан 3700гө жакын мектептин бир нечесине нааразычылык акциялары таасирин тийгизгенин билдирди. Кээ бир ири шаарлардагы нааразычылык акциялары окуучулар менен полициянын ортосундагы кагылышууларга айланып кеткен. Айрым учурларда демонстранттар күйүүчү аралашма куюлган бөтөлкөлөрдү колдонуп, полиция кызматкерлерине таш ыргытышкан. Буга жооп катары полиция мектеп окуучуларына көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун билдиришти.