Кечээ, 30-сентябрда Дубайдан Израилге учуп бара жатып, "басылып алынды" деген белги менен артка кайткан жана Сауд Арабиясына конгон учак тууралуу айрым маалыматтар такталууда.
Чет элдик басылмалардын жазгандарына караганда, учактагы белги учукучтардын ортосундагы мушташтан улам басылган. Учукучтар омандык жана бириккен араб эмираттык жарандар болуп чыкты. Буга чейин мушташкан учукучтар орусиялык жана украиналык деген маалымат чыккан.
Бирок орусиялык менен украиналык жарандар учакта жүргүнчү катары бара жатышып, кырсык болгондо учакты башкарууну колго алышкан жана учакты аман-эсен кондурушкан. Мушташ омандык менен БАЭликтин ортосунда болгон.