Казакстанда белгилүү блогерлер Ерболат Жанабылов менен Эльмира Төлегенова ажырашуу процессин башташты. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Эльмира Төлегенова билдиргенин казакстандык басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, буга чейин үй-бүлөдө чыр чыккан. Жубайы гардеробго камалып, күйөөсү жана анын бир туугандары жеке буюмдары менен телефондорун алып кетүүгө аракет кылып жатканын айткан. Окуядан кийин полиция чакырылганы кабарланды.
Кийин блогер физикалык зомбулук болбогонун тактап, экинчи телефонун алып кетүүгө аракет болгондуктан гардеробго бекингенин билдирген.
Белгилей кетсек, Жанабыловдордун жашы жете элек 3 баласы бар. Буга чейин жубайлардын башка сот иши да коомчулуктун көңүл чордонунда болгон.
Эске салсак, 27-апрелде Астананын соту аларды мыйзамсыз ишкердик жана кылмыштуу жол менен алынган каражаттарды адалдоо боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ерболат Жанабыловго эки жыл шарттуу жаза, ал эми Эльмира Төлегеновага эки жыл эркинен ажыратуу жазасы дайындалган. Төлегенованын жашы жете элек үч баласы бар болгондуктан, жазаны өтөө эки жылга жылдырылган.