Биз социалдык тармакта

Азия оюндары: Таалайбек Байышев коло медаль үчүн беттешет

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында жиу-житсу боюнча Таалайбек Байышев коло медаль үчүн күч сынашат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бүгүн, 1-октябрдагы маалыматы боюнча, ал 62 килограммга чейинки салмакта беттешке чыгат. Байышев алгачкы беттеште Таиланддын өкүлү Сувижак Кунтонгду 2:2 эсебинде артыкчылык менен жеңген. Кийинки баскычта Бахрейндин өкүлү Абдулла Али Абдулланы 2:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.
Ал эми чейрек финалда Байышев Сауд Арабиясынын өкүлү Абдулмалик Мохаммед Аль-Мурдхини 2:0 эсебинде утса,
жарым финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Омар Аль-Сувайдиге 0:4 эсебинде жеңилип калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан