Кыргызстандык белгилүү актёр Дастан Бакытбеков кечээ, 30-сентябрда социалдык тармактагы баракчасына "Зумер армияда" аттуу тамашалуу видео жарыялады.
Видеодо заманбап муундун аскердик тартипке болгон мамилеси юмор аркылуу көрсөтүлдү. Блогер Нурдин Кадыров зумерлердин аскерде кандай жүрүшү мүмкүн экенин тамаша иретинде чагылдырып, коомчулукту күлкүгө салды.