Түштүк Кореянын Пусан шаарында каналга камалып калган 3,5 метрлик акула эки жумада 600 миңге жакын адамды өзүнө тартты. Бул тууралуу кечээ, 30-сентябрда чет өкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка ылайык, акула 18-сентябрда Түндүк порттун тар каналынан байкалган. 29-сентябрда адистер акуланы ачык деңизге чыгарууга аракет кылышкан, бирок операция ийгиликсиз болгон. Эми аны атайын тордун жардамы менен чыгаруу пландалууда.
Шаар бийлиги популярдуулугу өскөн акуланы "Пусандын ардактуу коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү" деп жарыялады.