Бүгүн, 1-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Өрттү өчүрүүгө саат 02:12де 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Жалын саат 03:47де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн аянты болжол менен 120 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.