Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик субсидия: Айына бензинден канча акча үнөмдөлүүдө?

Айына 150 литр АИ-92 бензинин керектеген айдоочу 4 632 сом үнөмдөп жатат. Экономика министрлиги мындай үнөмдөө күйүүчү майга болгон субсидиядан улам экенин билдирди.

Министрлик мисал катары эсеп чыгарган. Ага карасак, бир айдоочу күнүнө орточо 5 литр АИ-92 бензинин керектейт. Демек, бир айдагы керектөө болжол менен 150 литрди түзөт. Ошондо бир литрге 30,88 сом субсидия берилгенде, айдоочу болжолдуу айына 4 632 сом үнөмдөйт.

Министрлик мамлекет АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литрине 30,88 сом, дизель күйүүчү майынын 1 литрине 42,27 сом, автогаздын 1 литрине 5,38 сом субсидия кылып жатканын белгилейт. Бул дегендик көрсөтүлгөн сумманы мамлекет өз эсебинен жаап жатат дегенди билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан