Бишкекте “адам өлтүрүү” фактысына шектелип Көлмө жаңы конушунун тургуну кармалды

Бишкектеги ооруканалардын бирине 2-февраль күнү сол бутуна бычак сайылган Аламүдүн районунун тургуну С.Майрамбек жеткирилген. 3-февралда алган жараатынан өзүнө келе албай каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын уюшулган кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Көлмө жаңы конушунун тургуну О.Баястан  кармалды. Учурда убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
priora1982
2014-02-04 20:22:47
жаткан жерин жайлу болсун досун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан