Белгилүү футболчу Криштиану Роналду Португалиянын улуттук курамасынын машыгуу лагеринен кетти. Бул тууралуу футболчу кечээ, 30-сентябрда социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Буга анын башкы машыктыруучу Жорже Жезуш менен пикир келишпестиги себеп болгону айтылууда. Роналду Норвегияга каршы оюнда запаста калган. Кийинки Дания менен беттешке да катышпай турганы белгилүү болгондон кийин ал кураманын лагеринен кеткен.
"Улуттук кураманын башкы машыктыруучусунун маалымат жыйынынан жана Португалиянын Футбол федерациясынын президенти менен сүйлөшкөндөн кийин кураманын машыгуу лагеринен кетүүнү чечтим. Мен ар дайым берилген улуттук командадан кетишимдин себептери тууралуу убактысы келгенде бардык португалиялыктарга чындыкты айтып берем. Азыр Португалияга, командама жана анын оюнчуларына ийгилик гана каалай турган учур",- деп жазды футболчу.
Айрым португалиялык басылмалар Роналдунун улуттук курамадагы карьерасын аяктоо чечими акыркы болушу мүмкүн деп жазышууда. Бирок футболчу өзү карьерасын расмий аяктаганын азырынча жарыялай элек.