Белгилүү кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова комедиялык тасмада роль жаратат. Актрисалыкка кадам таштаганын спортчу социалдык тармактагы баракчасынан билдирип, видео жарыялады.
Видеодогу кадрлардан Тыныбекованын аскер кийимин кийип турганын көрүүгө болот.
Спортчу аскер кийимин кийип тасмага тартылуу бала кезинен берки кыялы болгонун айтып, бул тилеги орундалып жатканын билдирди.